Зомбулукка кабылган аялдар. Искусство аркылуу чыныгы көйгөй көрсөтүлдү

  • 2 месяца мурун


Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин зомбулукка кабылган аялдарга арналган жеке көргөзмөсүндө Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мындай маданий иш-чаралар искусство аркылуу чыныгы көйгөйдү көрсөтөрүн айтты.

Көргөзмөдөгү сүрөттөр зомбулукка кабылган аялдар көпчүлүк учурда ичиндеги көйгөйүн жашырып, коомдон алыстап, жалгыз калары тууралуу болду.

“Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деп аталган көргөзмө 2-августка чейин улантылат.

Акыйкатчы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан кризистик борборлорго кайрылган аялдардын саны өсүп жатканын билдирди.

“Жыл сайын аялдарга болгон зомбулук күч алып жатат. Алсак, ИИМдин маалыматы боюнча былтыркы жылы 13 104 аялдар зомбулукка кабылса, 2022-жылы мындай 8225 учур катталган. Бул цифра мындан да көп болушу толук ыктымал» деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы институту зомбулукка кабылган аялдарга кечиктирилгис укуктук, психологиялык жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү үчүн «115» шыр байланышын түзгөн.

Сүрөт: Көргөзмөдөн. Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты