Жыл аягына чейин бардык үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасы берилди

  • 2 недели мурун


Тиешелүү мамлекеттик органдарга 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасы берилди.  

Бул тууралуу 2024-жылдын 9 айында республиканын ар кайсы аймактарында болгон селдердин кесепеттерин жоюу боюнча кеңешмеде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Бул мындай жагдайлар кайталанган учурда, жарандарды финансылык жактан коргоону камсыз кылат жана турак жайынан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кесепеттерин азайтат.  

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 жолу сел катталып, анын кесепетинен 5354 үй жабыркаган.  Анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж.  Бул иш-чаралар табигый кырсык тобокелдиктерин жакшыраак башкаруу зарылдыгын көрсөтүп турат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты