Жумгалда дайынсыз болгон 9 жашар баланы издөө улантылууда
- 22 часа мурун
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандардын бирин издөө иши улантылууда.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Бүгүн, 20-ноябрда, Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин координациялоого Жумгал районунан төрт куткаруучу тартылганы маалымдалды.
2024-жылдын 16-октябрында Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат ӨКМге 19-октябрда түшкөн. 14-ноябрь күнү атасынын сөөгү туугандары тарабынан табылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү