ИИМ Жумгалда баласы менен дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылганын билдирди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 45 жаштагы жарандын cөөгү табылганын билдирди. Аны менен кошо жоголгон баласы табыла элек.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери иттердин жардамы менен жансыз денени дарыянын жээгинен табышкан.

«Ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнда аныктады. Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталган»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ата-бала 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 19-октябрь күнү кабарланган. 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу ата-баланы издөө иши ушул күнгө чейин уланып келген.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты