Жогорку Кеңеш төрагасы Шакиев Австрияга расмий сапар менен жөнөп кетти

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.

Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Элдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти. 

Сүрөттө: Австрия парламенти. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты