Жоголгон курал табылды. Табелдик куралды жоготуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  • 1 месяц мурун

Милиция кызматкеринин табелдик куралын жоготкондугу тууралуу факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.  

2025-жылдын 26-майында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1997-жылы туулган Б.А. аттуу жаран табелдик куралды таап алганы аныкталган. Азыркы учурда ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

23-майда социалдык тармактарда милиция кызматкери табелдик куралын жоготкондугу тууралуу маалымат тараган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты