ЖККУнун башкы катчысы: Казакстанда уюмдун 2500 аскери болот

  • 3 года мурун

 Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2500 аскери болот.

Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” агенттигине билдирди.

«Кырдаалга жараша иш кылабыз. Керек болсо, күчтөндүрөбүз», — деди Зась.

Казакстанга ЖККУнун күчтөрүн жөнөтүү процесси 7-январда жыйынтыкталды.

Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан, Кыргызстан да Казакстанга «бейпилдик күчтөрүн» жөнөттү.

Кыргызстандын аскерлери 7-январда Казакстанга барышты.

Аскерлер менен атайын техниканы Канттагы Орусиянын авиабазасынан Ил-76 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактар салып кетти. Коңшу өлкөгө Кыргызстандан 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барары кабарланган.

Кыргыз аскерлери Казакстандын стратегиялык объектилерин кайтарып, коомдук тартипти калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев «террордук коркунучту жөнгө салуу» деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган.

6-7-январь күндөрү Бишкекте Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акциялар өткөн.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты