Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

  • 2 года мурун

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчы судьялык кызматка дайындоо үчүн жети талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

– Нарын облусу

Ат-Башы райондук соту

Шерипов Улан Турганбекович;

         – Ысык-Көл облусу:

Тоң райондук соту

Талантбекова Аида Талантбековна;

Балыкчы шаардык соту

Ысаков Элдияр Пазылович;

– Талас облусу

         Кара-Буура райондук соту:

Асанова Элмира Орозобековна;

Асилова Индира Ашимжановна;

– Бишкек шаары

Ленин райондук соту:

Алиев Авчи Мустафаевич;

Осмонов Баимбек Абдилакович.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты