Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө 495 миллион 718,4 миң сом жумшалат

  • 1 неделя мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 495 718,4 миң сом суммасындагы чыгымдардын сметасында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чаралар камтылган.

Анын 201 880,6 миң сому – шайлоону уюштурууга, 293 837,8 миң сом — 56 аймактык шайлоо комиссиясынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга чыгымдалат.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674, 2439 участкалык комиссияларга – 30715, АЭУ операторлору – 1031, техникалык колдоо топторунун адистери – 600, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден — 4490 киши тартылат.

2024-жылдын 23-сентябрына карата алдын ала маалыматтар боюнча республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120,46 сомду түздү.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты