Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

  • 2 недели мурун

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме» порталында жайгаштырды.

БШК билдиргендей, өлкө боюнча алдын ала тизмедеги шайлоочулардын саны 4 114 931, анын ичинен 1 990 507 эркек жана 2 124 424 аял же 48,37% жана 51,63%.

Шайлоочулардын алдын ала тизмелери 2024-жылдын 28-сентябрына чейин 2438 шайлоо участокторунда илинет.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты