Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо: Аралыктан добуш берүү ыкмасы да колдонулат

  • 1 неделя мурун

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)  аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.

Бул тууралуу БШК сайтында маалымдады.  

Анда айтылгандай, аралыктан добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш бере албаган жана аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берген жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.

Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Баткен шаарларында шайлоо участкалары түзүлөт:

Ошондуктан аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочулар 2024-жылдын 1-ноябрына чейин төмөнкүдөй арыз бериши керек:

— добуш берүү күнү шайлоочу убактылуу турган жери боюнча аймактык шайлоо комиссиясына;

— “Tizme” шайлоочулар порталындагы (tizme.gov.kg) электрондук “Шайлоочулар кабинети” (voter-cabinet.srs.kg) аркылуу.

Аралыктан добуш берүү шайлоо күнү, башкача айтканда, 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Сурап ​​билуу учун телефон номери 1255.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты