«ЖЭБ түтүнү болгону 10-15%. Калганы жаңы конуш, жеке сектордогу сауна, мончодон чыгууда». Президент Бишкектеги ыш тууралуу

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Бишкектеги ыш жана анын себептери тууралуу да суроого жооп берди.

 Быйылкы жылы Бишкекте ыш көйгөйү абдан курч болууда. Эки-үч күн мурун калааны каптаган кара түтүн, ыш азая түшкөнсүдү. Парламенттин айрым депутаттары бул маселеге Бишкек мэрин да күнөөлөштү. Кызматтан кетирүү боюнча да сөз болду. Бул көйгөй эмнеден улам? ЖЭБденби, же көмүр сапатынанбы же дагы башкаданбы? Дегиле бийликтегилер бул маселени иликтеп атабы деген суроого мамлнкет башчы мындай жооп узатты:

-Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк.

Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек, -деди Садыр Жапаров.  

Ошондой эле элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жаткандыгын да кошумчалады.  

Бишкекте 11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты