Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси менен кызматкерлери кармалды
- 2 недели мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси менен ыкчам кызматкерлери опузалап пара талап кылууга шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жогоруда аталган кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган.
29-январда, козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылууга шектелип, Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалышты.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы