Жасалма юридикалык документтерди жасап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

  • 3 недели мурун

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ишеним каттарды даярдап, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, 40, 25 жана 24 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек ШИИБине жарандар кайрылып, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу юридикалык документтерди, мамлекеттик бланктарды, транспорт каражаттарын башкарууга укугун тастыктаган документтерди жасаган уюшкан кылмыштуу топ жөнүндө маалымат беришкен.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жарандар шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтерди жасалмалоо), 261-беренесинин (кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда иш соттук кароого жөнөтүлгөнү айтылды.

Сүрөт: Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты