Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев миллиондорду чапчыган тендерлерди ута баштады

2010-жылдын 7-апрелиндеги каргашалуу окуяны кыргызстандыктар али унута элек. Ал күнү 90го жакын бейкүнөө адамдар Бакиевдин кандуу режиминин айынан окко учкан. Канчалаган энелер уулун жоготуп, канчалаган балдар атасыз, канчалаган аял жесир калган күн. Мына ушул күнгө күнөөлүү делип соттун чечими менен мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, ошол учурда Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган бир тууганы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Аскер сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Данияр Дунганов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчи орун басары Нурлан Темирбаевге күнөө коюлган. Сот Дунгановго 25 жыл, Темирбаевге 24 жыл, Суталиновго 20 жыл күчөтүлгөн режимде жаза өтөө чечимин чыгарган. 

Соттолгондордун көбү сыртка качып кеткен. Кыргызстанда калып, камалгандардын ичинде Нурлан Темирбаев бар. Ал дагы жазасын акырына чейин өтөбөй 2020-жылы октябрда бошотулган. Бошотулуп эле жөн калбастан, учурда анын компаниясы миллиондорду чапчыган тендерлерди утуп отурат. 

“РСК Банк” ачык акционердик коому 2024-жылдын 20-февралында 22 миллион сомго тендер жарыялаган. Аталган тендерге арыз калтырууга сегиз гана күн берилген. Ошол аз убакыттын ичинде арыз калтырып, тендердеги 11 млн сомдук лотту уткан компаниянын аты —  “ДАОГруп” ЖЧКсы. Бирок бул жөнөкөй компания эмес. “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери бул компанияга Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевдин тиешеси бар экендигин аныктады. 

Апрель окуясы үчүн соттолгон Нурлан Темирбаевдин тендердеги ийгилиги 

Юстиция министрлигинин базасына ылайык, “ДАОГруп” ЖЧКсы алгачкы жолу 2018-жылдын декабрь айында каттоодон өткөн. Компаниянын 2018-жылы жаңы катталып жаткандагы аталышы —  «Чет өлкө Сервиси» жоопкерчилиги чектелген коому (Chetlk Servisi, OSOO) болчу. Бирок андан кийин бир нече жолу кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрүнүн курамы өзгөргөн. Учурда компанияга Темирбаев Нурлан Токтосунович жана Тохтурбаев Убайдула Фатуллаевич ээлик кылат. Бул фамилиялар сизге тааныш сезилдиби? Анда адашпадыңыз.

Нурлан Темирбаев деген ким? 

Нурлан Темирбаев — 2010-жылы  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын, тагыраагы, Жаныш Бакиевдин биринчи орун басары болуп эмгектенген. 24.kg маалымат агенттигинин жазган материалына таянсак, 2010-жылы 7-апрелде ошол убактагы бийликке нааразы болуп чыккан элге карата ок атууну уюштурган деп табылып, Нурлан Темирбаев 24 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле, Нурлан Темирбаев ошол кездеги президенттин аппаратынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген. Бул сот процесси тууралуу ЖМКлар жазып чыккан. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча гана күнөөлүү деп табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Нурлан Темирбаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп турганда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов өлтүрүлгөн дачанын ачкычын берген. Ал дача болсо 2005-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп турган анын бир тууганы Курманбек Темирбаевге тиешелүү болгон. Бирок бул жерде судья дароо мунапыс жарыялап, Темирбаев жазадан таптакыр бошотулган. Кийин 2020-жылы октябрда бийлик алмашкандан кийин Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Нурлан Темирбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан. 

Нурлан Темирбаевди дагы бир компаниянын курамынан көрө алдык. Ал «08 ТНТ-күзөт агенттиги» ЖЧКсында дагы негиздөөчү. Ушул эле компаниянын директору катары уулу Темирбаев Темирлан Нурланович көрсөтүлгөн. Темирлан Темирбаевдин социалдык тармактардагы баракчасын карап жатып атасынын сүрөттөрүн көрө алдык. Ошондой эле, “ДАОГруп” компаниясында иштерин белгилеген. Демек, бул Жаныш Бакиевдин орун басары болгон Нурлан Темирбаев экенин далилдеп турат. 

100 миллионду чапчыган тендерлер 

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан Жаныш Бакиевдин биринчи орун басары Нурлан Темирбаев жана анын үй-бүлөсү бизнеске аралашып баштайт. Ошол эле жылдын ноябрь айында “ДАОГруп” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн курамына Нурлан Темирбаевдин кызы Темирбаева Айсулу Нурлановна кирген. Бир айдан кийин эле аталган компания тендерлерге катышуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына катталат. Бул компаниянын 2020-жылга чейинки тендерлерин ачык булактардан таба алган жокпуз. Ошол эле жылдын аягында 75 миң 504 сомдук бир тендерди утуп чыгат. Ал Конституциялык соттун антивирустук программа үчүн лицензия алуу боюнча тендери болгон. Ооба, бул кичинекей эле сумма. Бирок мындан баштап асман чапчыган тендерлерди ута баштаган.

Ошентип 2021-жылдан тартып “ДАОГруп” ЖЧКсы чоң суммадагы мамлекеттик мекемелердин тендерлерин утуп баштаган. Мисалы, 2021-жылы жалпы суммасы 50 млн 51 миң сомго, 2022-жылы 24 млн 72 миң сомго, 2023-жылы 46 млн 140 миң сомго болсо, ал эми 2024-жылдын башынан бери эле 17 млн 399 миң сомго тендерди уткан. Бул тендерлердин жалпы суммасы 137 млн 662 миң сомду түздү. Бирок бул биз аныктай алган гана тендерлер. 

Эми “ДАОГруп” ЖЧКсынын чоң суммадагы тендерлерине токтоло кетсек. Бул компания жалгыз катышып уткан тендерлердин эң эле чоң суммасы 26 миллион сом болгон. Ал 2023-жылы Саламаттыкты сактоо министрилиги Бүткүл дүйнөлүк банктын “Биринчи медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы” долбоорунун алкагында  уюштурган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна сервердик жабдууларды сатып алуу боюнча тендер болгон. 

Дагы бир чоң суммадагы тендердин бири «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоорунун алкагында уюштурулган 18 миллион сомдук тендер болгон. 

“Альфа Телеком” (Мега) ачык акционердик коому 10 млн сомго программалык камсыздоонуу колдонуу укугун улантуу боюнча жарыялаган тендерге “ДАОгруп” ЖЧКсы жалгыз катышып уткан. Ошондой эле, 2022-жылы Финансы министрлигинин компьютерлерди сатып алуу боюнча 8 млн сомдук тендерин уткан. “Камсыздоо бажысы” мекемеси тарабынан 2022-жылы уюштурулган 5 млн 700 миң сомдук тендерин уткан. 

“Нурлан Темирбаев компаниянын иштерине такыр аралашпайт” 

Биз, “ПолитКлиника” медиасы комментарий алуу максатында “ДАОГруп” ЖЧКнын директору Осмонов Нурлан Алмазовичке телефон аркылуу кайрылганыбызда биздин сурообузду уккандан кийин эле трубканы коюп койду. Кайра-кайра чалып, бирок байланыша алган жокпуз. Ал эми компаниянын мурдагы негиздөөчүсү Темирбаева Айсулу Нурлановнага дагы чалып, такыр байланыша алган жокпуз. 

Учурдагы негиздөөчүсү Нурлан Темирбаев менен дагы байланыша албаган соң компаниянын кеңсесине барып көрдүк. Ал жактан бизди Темирбаевдин уулу Темирлан Темирбаев тосуп алып, кээ бир суроолорубузга жооп берди. Анын айтымында, Нурлан Темирбаев кеңсеге келип кетип турат, бирок компаниянын иштерине аралашпайт. 

“Нурлан Темирбаев компаниянын иштерине такыр аралашпайт. Ал пенсионер. Алар офиске келишет, кайра кетишет, болду. Башка эч байланышы жок, компаниянын иштерине аралашпайт. Эжем Айсулу Темирбаева дагы тендерлерге эч аралашпайт. Бул жердеги кызматкерлер катышат”, — дейт Темирлан Темирбаев

Бул окуяда кызыктуу жагдай — Нурлан Темирбаев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккандан кийин эле кызы аралашкан компания чоң суммадагы тендерлерди утуп баштайт. Кийинчерээк компанияны атасы Нурлан Темирбаевга өткөрүп бергенин көрүүгө болот. Ошентип акыркы үч жылда мамлекеттик тендерлерде болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетет. 

90дон ашык адамдын канын төгүүгө тиешеси бар адамдын мамлекеттик тендерлерден миллиондогон акчаларды алганга моралдык укугу барбы? Пикир калтырыңыз.

“ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты