Жалал-Абад облусунда жер титиреди
- 1 месяц мурун
Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 3-декабрда, түнкү саат 02:18 де Жалал-Абад облусунда очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Жар айылынын түштүк-батышынан 10 чакырым, Жыл-Кол айылынын батышынан 12 чакырым, Үч-Коргон айылынын түштүк-батышынан 15 чакырым, шаар тибиндеги Шамалды-Сай поселогунун түндүк-батышынан 21 чакырым, Таш-Көмүр шаарынын түштүк-батышынан 26 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3,5 баллга жакын, Үч-Коргон, Шамалды-Сай, Кум айылдарында 3 балл, Таш-Көмүр шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




