Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз иштеген 20 медресе аныкталды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) аймактагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний билим берүү мекемелеринин (медреселердин) мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү фактыларын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, диний окуу борборлору мыйзам талаптарын бузуу менен узак убакыттан бери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.

Сузак районунун аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында тиешелүү каттоосу жана уруксат берүүчү документтери жок иштеп келген 20 медресенин  мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

Тергөө иш чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты