Жалал-Абад облусунда катуу жаандан кийин айылдарды суу каптоодо
- 4 недели мурун
- Видео
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу, кокту-колоттогу кар эрип, арыктарга батпай, жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ал жакка техника жана куткаруучулар, жергиликтүү тургундар менен жалпы 53 адам тартылды.
Сел суусу толгон каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: Видеодон алынды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!