Жактоочу: Равшан Жээнбековдун жубайынын ден соолугу начарлап баштады

  • 1 год мурун

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын ден соолугунун абалы начарлап баштаганын жактоочусу билдирди. Жактоочунун айтымында, тергөө абагында Алимбаеванын өнөкөт оорулары күчөп кеткен, ал компьютердик томографиядан өтүүгө муктаж.

Белгилей кетсек, оппозициячыл саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. Алимбаеванын адвокаты Разак Ашимбаев ага коррупция боюнча айып коюлуп жатканын билдирген.

26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Алимбаеваны 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты