Жаңы жылдык президенттик балаты майрамы  өттү

  • 3 года мурун

24-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты майрамы өттү.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды. Алар- окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.

Балдарга бий топторунун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган «Бакыт аралы» жаңы жылдык оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Жаңы жылдык спектакльден соң Президент Садыр Жапаров балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
Иш-чара аяктагандан кийин Президенттин атынан балдарга белектер тапшырылды.

Cүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты