Жаңы курулган Ак үйдүн ачылышы 30-августта өтөрү айтылды

  • 3 недели мурун

Жаңы Ак үй- Ынтымак Ордонун ачылышы эртең, 30-августта өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасында билдирди.  

“Бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат. Президентибиз келечекти түптөп жатат, биз баарыбыз бул тарыхый иштин күбөсү болуудабыз” деп жазды Туманбаев.

«Ынтымак Ордосу» жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, «Ынтымак-Манас Ордосу» десек ылайык болчудай» деген президент Жапаров.  

«Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат. Ал имаратты биз 2023-жылы баштайбыз. Дал эле ушул президенттик имарат салынып жаткан жердин күн чыгыш маңдайына салынат. Ошентип, күч органдарынан башка министрликтердин, өкмөттүк уюмдардын баарын борбордон өйдө жакка көчүрүп кетебиз» деп 2022-жылы мамлекет башчы айткан болчу.

“Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин и башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекетин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик ” деген Садыр Жапаров 2022-жылы 12-апрелде.

«Азаттык» «Жаңы Ак үй үчүн жер алгандар Туманбаевдин адамдарыбы?» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жаңы президенттик кеңсенин курулушуна жооптуу адамдар менен «Иншат строй билдинг» компаниясынын байланыштары айтылат. Ак үйдү “Иншат строй билдинг” компаниясы куруп, анын акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатат.

Сүрөттө: Жаңы Ак үй. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты