Өзгөндө 1,08 гектар жер тилкеси мэрияга кайтарылды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөнү аныкталганын билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри С.А.С. тарабынан мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголду. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө Ош облустук соту 1,08 гектар жер тилкесин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарды.
Аталган жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылганы белгиленди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




