Өзгөн шаарында түнкүсүн турак үйдөн өрт чыгып, жанындагы объекттерге өткөн  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 9-февралда, түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) бир бөлүм, саат 05:03тө кошумча бир бөлүм тартылган.

Өрттүн кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын кампа имаратынын чатыры күйгөн.

Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынган. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты