Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды
- 11 месяцев мурун
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы 8-июнда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Х.А. аттуу аял кайрылган. Ал ошол кезде курулуш компаниясынын биринин башкы директору болуп турган К.Ч. аттуу адам дагы бир А.Р. аттуу жаран менен (азыр ал издөөдө) квартира саттык дешип, арыз ээсинин 7,5 миллион сомдон ашык акча каражатын ээлеп алышкан.
Бул факты боюнча Свердлов райондук тергө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү, 3-пункту жана 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык менен башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык, бир канча адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалган) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин натыйжасында 1988-жылы туулган шектүү К.Ч. кармалган жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу камак жайына киргизилген.
Свердлов райондук соту тарабынан К,Ч.ны эки айга камоо чечими чыгарылды.
Сүрөт: Бишкек ИИББ басма сөз кызматы




