“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүгө кол коюудан баш тартты”. Текшеребиз

29-октябрда Анара Ниязбекова аттуу Фейсбук колдонуучусу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда маселе курч болуп, куугунтуктоолор болуп жаткандыктан Кемпир-Абад боюнча эки тараптуу келишимге кол койбой турганы тууралуу маалыматты жарыялаган. Анда бул тууралуу билдирүү “Би-Би-Си” кызматында жарыяланганы айтылат. 

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүгө кол коюудан баш тартты”. Текшеребиз

“Шавкат Мирзёев “Би-Би-Си” жаңылыктар каналынан эки тараптуу келишимдерге Кемпир-Абад боюнча кол коюудан баш тартты. Эки элдин достугуна терең маани берерин айтыптыр. Кыргыз өлкөсүндөгү массалык куугунтуктоолордон, элдик жүрүштөрдөн кабары бар экен. Кыргыз элинин алдында күнөөгө батпаймын дептир”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Мындан сырткары, маалыматтын эң акыркы бөлүгүндө активист Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасындагы постко шилтеме берилген.

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүгө кол коюудан баш тартты”. Текшеребиз

Тилекмат Куренов Акү йдөгү булактарына таянып, буга чейин Кыргызстанга кайтарылды деген 19 миң гектар жер Кыргызстандын эле жери экенин өзбек бийлиги өз элине түшүндүрүп бергени тууралуу айткан. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү. 

“Би-Би-Си” кызматы мындай кабар жарыялаган эмес

“Би-Би-Синин” өзбек кызматында акыркы бир жума ичинде Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эки кабар чыккан. Алгачкы кабар 20-октябрь күнү “Video. Өзбекстан — Кыргызстан: Кемпир-Абадды бербегиле деген кыргыздардын талабы эмнеге токтобой жатат?” деген баш тема менен чыгып, Кыргызстанда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу элдин нааразычылыгы уланып жатканы баяндалган.

Ал эми экинчи кабар “Жаңылыктар. Өзбекстан: Кыргызстан Кемпир-Абадды кайтарып алдыбы? Садыр Жапаров катуу чараларды колдонууда” деген аталыш менен чыккан. 

Аталган кабар 24-октябрь күнү жарыяланган. Анда алгач камалган активисттер жана чыккан нааразычылыктар тууралуу айтылган.

“Кыргызстанда “Кемпир-Абад” суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 22 активист менен оппозициячыл саясатчы соттун чечими менен бир убакта камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү 24.kg маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, камакка алынган бардык активисттер Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети тарабынан 2022-жылдын 10-октябрында бекитилген мамлекеттик чек араларды өзгөртүү чечимине каршы чыгышкан. Камакка алынгандан бир күн мурун активисттердин көбү Кемпир- Aбадды коргоо комитетин түзүүгө катышкан. Анын мүчөлөрү “Өзбекстан суу сактагычты алуу менен өлкөлөр ортосундагы келишимдик милдеттенмелерин аткарбай калат, анын аймагы эч качан өлкөлөр ортосунда талаш-тартыш жараткан эмес, андыктан объектти өткөрүп берүү чечими шарттуу эмес” деп тынчсыздануусун билдиришкен.

Суу сактагычты пайдалануу боюнча талкуулар 1983-жылы “Кампирровот” деген ат менен түзүлгөндөн бери уланып келет”,- деп белгиленген. 

Ошондой эле, Кыргызстанда “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында чыгып жаткан ызы-чуулар бул обьект стратегиялык мааниге ээ болгондуктан болуп жатканы айтылган.

Ал эми кабардын экинчи бөлүгүнө “Биз Кемпир-Абадды алдык” деген тема коюлуп, президент Садыр Жапаровдун  24-октябрда “Кабар” маалымат агенттигине берген маеги тууралуу сөз болгон. 

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров маегинде Кыргызстан Кемпир-Абад маселесинде утушка ээ болгонун айткан эле. 

Башкача айтканда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёевдин Кемпир-Абад боюнча эки тараптуу келишимге Кыргызстандагы куугунтуктоолор күчөп жатканына байланыштуу кол койбоо чечимин кабыл алганы тууралуу маалымат BBC өзбек кызматында жарыяланган эмес. Мындан сырткары BBC кыргыз кызматы, BBC Россия жана BBCнин башкы кеңсесинин сайтында да мындай маалыматты табууга мүмкүн болгон жок. 

“Өзбекстандын бийлиги расмий маалымат тарата элек” 

26-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол койгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга 19 699 га талаштуу жер тилкелери өткөнүн билдирген. Алар:

  • Гавасай тилкеси — 12 949 га;
  • Көк-Серек айылы — 105 га;
  • Баястан айылы — 212 га;
  • Үнкүр-Тоо (Унгар-Тоо) тилкеси — 35 га;
  • Ак-Таш айылы (Ош) — 100 га;
  • Кара-Белес айылы (мурда Өзбекстанга караштуу болгон) — 25 га;
  • Шарихан-Сай каналынын тилкеси — 19,5 га;
  • Орто-Токой суу сактагычы – 1009,5 га;
  • Көк-Серек, Биринчи май айылдары — 1307 га;
  • “Аэропорт”, Жетиген, Кербен тилкелери — 571 га;
  • Шамалды-Сай айылы – 1088 га;
  • Көк-Талаа, Пылдырак тилкелери — 1013 га;
  • Араван району — 148 га;
  • Сузак районуна кошумча 500 га;
  • Өзгөн районуна кошумча 500 га.

Ал эми Өзбекстандын бийлиги аларга кайсы жер-тилкелери өткөнү тууралуу ушул күнгө чейин маалымат тарата элек. 

14-октябрда  Би-Би-Синин өзбек кызматы Камчыбек Ташиев берген маалыматка таянып кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түшүндүрмө жарыялаган. 

Видеодо өзбек бийлиги расмий маалымат жана түшүндүрмө бербей жаткандыктан божомолдор пайда болуп жатканы тууралуу айтылган.

“Кыргызстандын бийлиги талаштуу аймактар өз пайдасына чечилгенин айтып жатышат. Бирок ал жерде канча эл жашайт? Алардын арасында Өзбекстандын паспорту бар адамдар жашайбы? Эгерде ушундай болсо бул адамдардын тагдыры эмне болот? Аймактарды чечүүдө жергиликтүү калктын пикири эске алындыбы? Бул суроолорго азырынча так жооп жок. Анткени Өзбекстандын бийлиги азыркы убакка чейин расмий маалымат тарата элек”, — деп билдирген журналист. 

Ошондой эле, видеодо “Би-Би-Синин” журналисти Кыргызстанга өттү делген айрым аймактар (мисалы Баястан жана Көк-Серек) карталарда эчак эле Кыргызстандын аймагында болгонун айткан.

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүгө кол коюудан баш тартты”. Текшеребиз

Бирок айтылгандар расмий маалымат бериле элек болгондуктан “жөн гана божомол” экени да белгиленген Би-Би-Си Өзбекстандын журналисти Аваз Тохиров. Видеонун акырында “эгерде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүлө турган болсо, бул “Ташкент дипломатиясынын чоң жетишкендиги деп айтылмакчы” деп жыйынтыктаган.

Башкача айтканда, активист Тилекмат Куренов белгилегендей Би-Би-Си Өзбекстандын журналисти Кыргызстанга өттү делген жерлер, мурда эле Кыргызстанга караштуу жерлер болушу мүмкүн деген сөздү айткан. Бирок бул маалыматты божомол катары айтканын да кошумчалаган. Дал ушундай маалыматты Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров да бөлүшкөн. 

Ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга өттү деген жерлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкандан кийин “Биздин жерлер, бизге өтүптүр” деп айткан. 

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүгө кол коюудан баш тартты”. Текшеребиз

Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин башка мүчөлөрү сыяктуу Азимбек Бекназаров да кармалып, 23-декабрга чейин камакта калган.

Бирок азырынча Өзбекстан расмий маалыматты жарыялай элек болгондуктан көп нерсе бүдөмүк бойдон калууда. 

Белгилей кетсек, буга чейин 18-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёев жакынкы күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келе турганы айтылган. Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Шавкат Мирзиёевдин сапары Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмес, мамлекеттик жана чарбалык мүнөздөгү статуска ээ болорун, бирок чек ара маселеси да күн тартибинде боло турганын билдирген. 

Кемпир-Абад маселеси, активисттердин массалык камалышы

23-октябрда Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн жыйырмадан ашык оппозициячыл саясатчылар менен жарандык активисттерди кармап кеткен. ИИМ Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Белгилей кетсек, кармалган активисттер акыркы күндөрү кыргыз бийлигинин “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында кабыл алган чечимдерине нааразы болуп жатышкан.

Ал эми 24-октябрда өлкөдө башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. 

Жыйынтык: Кыргызстандагы саясий куугунтук жана чыңалган кырдаалдан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  Кемпир-Абад тууралуу келишимге кол коюудан баш тартканы тууралуу маалыматты азырынча тактоо мүмкүн болгон жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты