Өзбекстандагы жер титирөө Ош облусунда да сезилген
- 11 месяцев мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 8-августта, саат 09:58де Өзбекстан жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 магнитудага жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Ноокат районунун Найман айылында, Араван районунун Араван, Кочубаева айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Ош шаарында, Ноокат районунун Ноокат, Жаңы-Ноокат айылдарында, Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында, Кыргыз-Чек, Кашгар-Кыштак, Шарк, Нариман, Большевик айылдарында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Буга чейин жер титирөө тууралуу маалымат берилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




