Ысык-Көлдө ири тоок фермасы ишке кирди

  • 2 недели мурун

2-сентябрда Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында 24 тоок сарайы ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган тоок фирмасына инвестициянын жалпы көлөмү 10,3 млн долларды түзгөн. Ири тоок фермада жылына 12 миң тоннадан ашык эт өндүрүү пландалып жаткандыгы айтылды. Ошондой эле бул долбоор 400гө жакын адамды иш орундары менен камсыз кылат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун 100-жылдыгына карата агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн 100 долбоорду ишке ашырып жатышкандыгын кошумчалады. Алардын ичинен 32 долбоор — мамлекеттик, ал эми 64ү жеке долбоорлор экендиги айтылды.

Аталган 100 долбоорго балык чарбасы боюнча 14 долбоор, канаттуулар чарбасы боюнча 12 долбоор, логистикалык борборлор жана кампалар боюнча 13 долбоор, питомниктер боюнча 11 долбоор, мал чарбасы боюнча 8 долбоор, илимий-агартуу демилгелери боюнча 7 долбоор, жүн иштетүү боюнча 5 долбоор, сүт багытында 5 долбоор, машина-трактор станциялары боюнча 3 долбоор жана айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча 18 долбоор кирет.

Сүрөт: Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты