Башкы прокуратура: Веткызмат мамлекетке 67 млн сом зыян келтиргендиги аныкталды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын кызматкерлерине шарп оорусуна каршы вакциналарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак “В” аттуу жабдып берүүчүгө гжалпы суммасы 67 млн 560 миң сомго 2,0 млн. доза санында A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia- 1 Sindh-08 алынган, бирок кат расмий түрдө аталган кызматка келип түшкөн эмес жана белгиленген тартипте катталган эмес.

Мында веткызматтын кызмат адамдары менен поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын техникалык өзгөчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизишкен,

Ошону менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу менен бир гана жабдып берүүчү үчүн шарт түзүшкөн.

Ошондой эле ветеринариялык дары-дармек каражаттарын  жана тоют кошумаларын каттоо жана сертификаттоо  боюнча департаменттен ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин талаптарын бузуу менен каттоосуз жана сертификаттоосуз сатып алышкан.

Сертификат продукциянын үлгүсүнө сыноо жүргүзүлгөндөн кийин жеткирүү башталганга чейин берилет.

Мындан тышкары ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун катына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында «A Sea-97» жана «O Ind-2001» шарп түрлөрү расмий катталган эмес

Ошондой эле веткызматтын кызмат адамдары “В” деп аталган жабдып берүүчү тараптын кызыкчылыктарын көздөп, жүргүзүлгөн тендерден жана вакцина алып келингенден кийин өздөрү мыйзамсыз түрдө ветеринариялык дары-дармек каражаттарын  жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо  боюнча департаментке жогоруда аталган вакцинаны каттоого жана сертификациялоого арыз беришкен, мында жабдып берүүчү өзү тендер өткөргөнгө чейин бул продукцияны каттоого жана сертификациялоого арыз берүүүгө тийиш.

Техникалык регламентке ылайык, каттоо жүргүзүүгө байланышкан бардык чыгымдар арыз ээси тарабынан төлөнөт, ал эми веткызматтын бюджетинде бул чыгымдар каралган эмес.

Мындан кийин департамент тарабынан бул вакцина техникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкеш келбейт деген эксперттин корутундусун чыгарган жана шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Андыктан, аталган кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири суммада, 62 млн сом зыян келтирилген.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты