Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады

  • 2 года мурун

Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады. Алгачкылардан болуп эт-май багытындагы «Арашан» породасындагы койлорго электрондук бирка тагылып, асыл тукум карточкалары толтурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, электрондук чип тагуу койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

“Арашан” эт-май багытындагы порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында пайда болгон. Учурда өлкө боюнча мындай породадагы 5800дөй кой бар. Козуларынын болжолдуу баасы 500 доллар, ал эми кой 5 миң доллардан жогору бааланат.

“Арашан” эт-май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермер жана илимпоздор активдүү катышып, авторлукту алышкан.

Гиссар жана кыргыз койдун аргындашуусунан алынган «Арашан» породасындагы кочкор былтыр Казакстандагы көргөзмөдө 16 миң долларга сатылган. Ушундай эле породадагы кочкордун баасы учурда 50 миң доллардан жогору бааланууда.

«Арашан» койлору Кыргызстандын өзүндө аргындаштырылгандыктан, жергиликтүү климатка чыдамдуу келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты