Ысык-Көл облусунда «Ала-Тоо Резорт» ири тоо-лыжа кластеринин курулушу башталды

  • 1 год мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

Мамлекет башчы долбоор төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланарына ишеним билдирди. Биринчи этапта ал Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыйт.

Караколдон тоо-лыжа комплексине чейин төрт тилкелүү жолдун курулушу башталат. Кийинки жылдын күз айларына чейин жолду толук асфальттап, ушул жерге чейин жеткирүү пландалууда. Андан тышкары Каракол аэропортунан ушул жерге чейин өлкө жарандары үчүн да, чет элдик туристтер үчүн да тик учак каттамдары уюштурулуп, бир кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Садыр Жапаров курулуш аяктагандан кийин долбоордун алкагында 250 чакырымга жакын лыжа трассалары салынарын, узундугу 4 чакырым болгон заманбап аркан жолдору орнотуларын, 4 миң унаага ылайыкталган токтотуучу жай, этноайыл, ден соолукту чыңдоо борборлору жана мейманканалар куруларын билдирди. Курорт жылына эки миллионго чейин туристти кабыл ала алат, ал эми туруктуу жумуш орундарынын саны беш миңге жакын болот.

Ал ошондой эле 15-июлдан 18-июлга чейин Жыргалаңда туристтик шаарча курууга арналган 49 жер тилке ачык аукционго коюлганын эске салды. Алардын ичинен 14үнүн ээлери аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы мекенибиздин келечегине ишенген, атуулдук деми бийик кыргызстандыктар экени өзгөчө кубандырат.

Муну менен катар курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга шайкеш жүргүзүлөт. Курорт табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылына жети айга чейин иштей алат.

Келерки жылы биринчи фазасын эксплуатацияга берүү пландалууда, ал эми декабрь айында Жыргалаңда тоо-лыжа зонасы ишин баштайт. Курорт чет өлкөлүк туристтерди да, өзүбүздүн жарандарды кабыл алууга даяр болот.

Ысык-Көл облусунда "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластеринин курулушу башталды
Ысык-Көл облусунда "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластеринин курулушу башталды
Ысык-Көл облусунда "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластеринин курулушу башталды

үрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты