“Владимир Путин жок “жетимсиреп отурушту”. Орусиялык “Коммерсантъ” сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

27-май күнү Орусиялык “Коммерсантъ” сайтында ЕАЭБдин эң акыркы саммити тууралуу маалымат жарыяланган. Анда Владимир Путин, Садыр Жапаров жана башка президенттер жөнүндө сөз болгон. 

“Владимир Путин жок “жетимсиреп отурушту”. Орусиялык “Коммерсантъ” сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы “Коммерсантъ”  сайтында айтылгандарды анализдеп көрдү. 

“Владимир Путинсиз кесиптештери өздөрүн жалгыз сезип, үйлөрүнө кайтышкан”

“Коммерсантъ”  сайты жарыялаган кабарда, журналист Андрей Колесников ЕАЭБдин саммитин эки күн бою анализдегени айтылат. 

Кабардын башында эле ЕАЭБдин мүчөлөрү Владимир Путин келбегени үчүн Бишкектеги саммитке катышпаганы белгиленет.  

“Бишкектеги жолугушуу эки күнгө пландаштырылган, бирок, сыягы, Владимир Путинсиз кесиптештер өздөрүн жалгыз сезип, “жетимсиреп” үйлөрүнө кайтышты.  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин пленардык жыйыны белгиленген экинчи күнү саммит эч бир өзгөчөлүгү жок видеоконференция режиминде өттү”,- деп жазылган. 

Белгилей кетсек,  26-27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана анын алкагында Евразия экономикалык форумун өткөрүү пландалган. Бирок саммитке бир жума калганда жыйын онлайн өткөрүлө турганы жана Владимир Путин баштаган бир катар президенттер Бишкекке келбей калганы белгилүү болду. Бир гана Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 26-май күнү Бишкекке келип, Евразия экономикалык форумуна катышты.

Ал эми 27-май күнү болуп өткөн Евразия Экономикалык саммитине ЕАЭБке мүчө болгон бардык өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери онлайн форматта катышышкан. Президенттин администрациясы ЕАЭБдин пладндалган конференциясы эмне себептен онлайн болуп калганы тууралуу түшүндүрмө берген эмес. 

Бирок, саммиттин онлайн өтүшүнө Владимир Путиндин келбей калганы себеп болду деген сөз да далилденген эмес. 

“Садыр Жапаров ноутбуктан жазылгандарды окуп отурду…” 

Кабарда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери тууралуу да сөз болгон. Анда Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин азыркы кризис убагында жасаган кадамдары алкоого алынып жазылган. Салыштырмалуу түрдө эң  ачуу сын жана шылдыңдоо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго карата айтылган.

“Владимир Путин жок “жетимсиреп отурушту”. Орусиялык “Коммерсантъ” сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

Президент Садыр Жапаров саммиттин кожоюну катары биринчи сөз алды.

Ал өзүнө жазылып берилген текстти ноутбук бетинен шатыратып окуп жатты: текстти өйдө-төмөн жылдырып алуудан коркпой, көзү да тунарып кетпей, ыйык саналган муктаждыгынан жана кагаз барактарын оодарып, жылдыруу түйшүгүнөн биротоло кутулуп калгандай көрүнгөнү кубанычтуу эмей эмне!

Айтмакчы, минтип түйшүк тартпай деле койсо болмок, себеби анын сөзү эч кимди — замандаштарын да, келечек муунду да кызыктырбастыр, ушул  жерде жашап, ушул жерде турганы, балким анын өзүнө деле кызыгы жок сыяктуу болсо керек”,  — деп белгиленет кабарда. 

Башкача айтканда, “Коммерсантъ” сайты Садыр Жапаровду “сөздөрдү ноутбуктан окуйт жана баары үчүн анын сүйлөгөндөрү кызыксыз” деп айтуу менен түздөн-түз шылдыңга алган. 

Белгилей кетсек буга чейин “ПолитКлиника” медиасы “Комсомольская правда” гезитинин  УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу жазгандарын анализдеп көргөн

Анда “Комсомольская правда” гезити жеке булактарына таянуу менен Камчыбек Ташиевди “АКШнын кызыкчылыгынын лоббисти жана Орусия менен алакалашууну солгундатуу саясатынын жактоочусу” деп сүрөттөгөн.  

Кабарда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу да көптөгөн шылдыңдоочу метафоралар колдонулган. 

Тактап айтканда, Орусиялык массалык маалымдоо каражаттары акыркы убактарда кыргыз бийлиги тууралуу негативдүү кабарларды чыгара баштады. 

Белгилей кетсек, кыргыз бийлигине болгон Орусиянын нааразычылыгы биринчи жолу болуп жаткан жок. 

Буга чейин 2010-жылы Орусиялык ЖМКларда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тууралуу негативдүү кабарлар массалык түрдө чыга баштаган. Eurasia.net басылмасынын маалыматына ылайык, аталган кабарлар 2010-жылы май айынын акырында күч алган. 

Журналист Дэвид Триллинг белгилегендей, ошол учурдагы Орусиялык басма сөздөрүндөгү чабуулдардын жарылышын “Москванын мындан ары, Бакиевдин “майда оюнуна” чыдагысы келбегенинен кабар берет” деп сүрөттөгөн. Аталган кабарларда Курманбек Бакиев жана уулу Максим Бакиев тууралуу сөз болуп, “Бакиев мураскер катары 32 жаштагы уулу Максимди көрөт”, “Максим Бакиев жана Кыргызстандагы мафия”, “Кыргызбашы” деген өңдүү негативдүү жана сындаган материалдар болгон. 

Серепчилердин айтымында, Орусиянын Бакиевдердин бийлигине болгон нааразычылыгы 2009-жылы Курманбек Бакиев “Манастагы” америкалык аскер базасын жабуу чечимин кабыл алып, бирок базаны толугу менен жаппай , “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборуна айлантканы себеп болгон. Андан бир жыл өтпөй 7-апрель окуясына бир ай калганда Орусиялык ЖМКлар кыргыз бийлигин массалык түрдө каралоого өтүшкөн. 

Башкача айтканда, Орусия Кыргызстандагы саясий кырдаалдарды жана абалды алгач ЖМКлар аркылуу бурууга аракет кылып келгени маалым.

 “Коммерсанттын”артында кимдер турат? 

 “Коммерсантъ” гезити  1990-жылы алгач жарык көрүп баштап, азыркы күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантып келет. 2015-жылга чейин гезит жана басма үйү  Коммерсант Холдинг (Кипр) Ltd компаниясына таандык болгон. Бирок Орусияда 2016-жылдан кийин чет өлкөлүк компаниялар Орусиялык ЖМКлардын акциясынын 20%дан ашыгына ээ боло албайт деген мыйзам күчүнө киргенден кийин, гезиттин 100%дык акциясына бизнесмен Алишер Усманов ээлик кылган. 

“Владимир Путин жок “жетимсиреп отурушту”. Орусиялык “Коммерсантъ” сайтынын манипуляциясы (Фактчекинг)

Forbes.ru сайтынын маалыматына ылайык, Алишер Усмановдун байлыгы 184 миллион долларга бааланып, Орусиядагы эң бай 10 адамдын ичине кирет. 

Дүйнөлүк ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, Алишер Усманов Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын өнөктөштөрүнүн бири. 

24-февраль күнү Орусия Украинанын чек арасына басып киргенде  Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү президент Путиндин өнөктөшү болгон орусиялык 26 атактуу олигархка жана чиновникке каршы санкцияларды киргизген. Алардын арасында олигарх Алишер Усманов да бар. Евробиримдиктин санкциялык документинде Алишер Усманов «өзгөчө орус президенти Владимир Путинге жакын кремлчил олигарх» деп айтылат.

Евробиримдик Алишер Усманов «Крымдын аннексияланышы жана Украинанын дестабилдешүүсү үчүн жооптуу болгон орусиялык чечимдерди кабыл алуучуларды каржылык же каржылык жактан активдүү колдоого алган» деп эсептеген.

Башкача айтканда, олигарх Алишер Усманов Орусиянын президенти Владимир Путиндин чөйрөсүндөгү адамдардын бири. 

Жыйынтык: Орусиялык “Коммерсантъ” сайты кабарда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тууралуу шылдыңдаган метафораларды колдонгон. “Коммерсантъ” сайтынын ээси Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын адамдарынын бири. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты