Орусиялык “Комсомольская Правда” гезитинин манипуляциясы (Фактчекинг)

23-май күнү активист Улан Үсөйүн Фейсбук баракчасы аркылуу Орусиялык медиа кыргыз бийлигин сындап жазганын билдирген. 

Орусиялык “Комсомольская Правда” гезитинин манипуляциясы (Фактчекинг)

Интернет айдыңында бул ар түрдүү пикирге жол ачты. “ПолитКлиника” медиасы орус медиасында жазылгандарды анализдеп көрдү. 

“Комсомольская правда”: “Камчыбек Ташиев Батыштын саясатынын лоббисти” 

19-май күнү Орусиянын “Комсомольская правда” гезити “Кыргызстандын коопсуздугу Американын кызыкчылыгын көздөгөн лоббисттин колундабы?” деген материал жарыяланган. Маалыматта Кыргызстандын Орусия менен мамилеси өзгөрүп жатканы белгиленип, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге “Батышты колдогон саясатчы” деген айып тагылган. 

Бирок, жарыялангандан көп өтпөй материал “Комсомольская правда” гезитинен өчүрүлүп кеткен. 

Орусиялык “Комсомольская Правда” гезитинин манипуляциясы (Фактчекинг)

Бирок, аталган материалдын толук варианты “Новости Бишкека” сайтына кайра жарыяланган. 

“Орусиядан алыстап Батыш менен алака түзүүгө кызыктар болуп жатышат” 

Материалдын эң башында эле Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болгон. 

“Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Ташиевдин аракети Орусиялык эксперттердин суроолорун жаратууда”, — деп башталат материал. 

Андан ары Кыргызстанда “Z” жана “V” символдорунун тыюу салынышы жана Улуу Ата-Мекендик согуштун 77 жылдыгына карата параддын өткөрүлбөгөнү сынга алынган. 

Орусиялык “Комсомольская Правда” гезитинин манипуляциясы (Фактчекинг)

Материалда Кыргызстандын ички саясаттагы чечимдери негативдүү сынга алынганын байкоого болот.

Буга чейин, 24-февралда, Россия Украинанын аймагына басып киргенден кийин, дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер Украинаны колдоп чыгышкан. 3-мартта БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинага куралдуу басып киришин айыптаган резолюцияны жактырган. Резолюцияны 141 мамлекет колдоп, 35 мамлекет нейтралдуу позицияны карманган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. 

Дал ушул себеп менен Кыргызстан эки өлкөнүн биринин тарабын колдоодон баш тарткан. Ал эми Орусиянын Украинага басып кирүүдөгү символу болгон “V” жана “Z” белгилери да Орусиянын аракетин колдоо катары баалангандыктан, Кыргызстанда колдонууга тыюу салынган

Башкача айтканда, бул Кыргызстан карманган позицияга ылайык өлкөнүн жеке ички чечими болгон. 

Мындан сырткары, Улуу Ата-Мекендик согуштун 77 жылдыгына карата аскердик парадды өткөрүүдөн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да баш тарткан. Бирок, “Комсомольская правда” гезити Кыргызстан Россияга карата “чыккынчылык” кылган маанайда көрсөткөң. 

Бул Кыргызстандын Конституциясына каршы келет. Баш мыйзамдын 1-беренесинде “Кыргызстан көз карандысыз, эгемен мамлекет” деп көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, өлкөнүн ички чечимдерине башка бирөө же башка бир мамлекет кийлигише албайт. 

Камчыбек Ташиевге карата сын 

Материалда андан ары УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болот.

 Автор жеке булактарына таянуу менен Камчыбек Ташиевди “АКШнын кызыкчылыгынын лоббисти жана Орусия менен алакалашууну солгундатуу саясатынын жактоочусу” деп сүрөттөйт. 

Ошондой эле, Ташиевдин Кыргызстанды Орусиянын таасиринен чыгаруу аракетин “Ташиевдин жаңы хоббиси” деп атаган. Бул жерде кыйыр айтылган какшык, УКМК башчысына айтылган орунсуз жана олуттуу айыптоо экенин көрүүгө болот.

Ташиевдин акыркы хоббиси – Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы Экономикалык жана техникалык кызматташуу келишими (документтин саясатка эч кандай тиешеси жок делген жупуну аталышы эч кимди алдап койбосун – түпкү максаты Бишкекти Москвадан саясий жактан бөлүп алуу). Көптөгөн эксперттер бул келишим Украина менен Евробиримдиктин ортосундагы Ассоциациялык келишимге “пайдалуу” болуп чыккандай, Кыргызстан үчүн да “пайдалуу” экенин белгилешет.” — деп айтылат макалада. 

Биринчи сүйлөмдө “Ташиевдин максаты Бишкекти Москвадан саясий жактан бөлүп алуу” деп Кыргызстанды көз каранды мамлекет деп сүрөттөгөн. Ал эми экинчи сүйлөмдө Украинанын Евробиримдикке кирүү чечими алар үчүн кандай “пайдалуу” болсо деп “пайдалуу” деген сөздү коркутуу катары жазган. Белгилүү болгондой Украинанын Евробиримдикке кошулуу демилгесине Орусия түздөн-түз каршы чыгып, бир канча жолу эскерткен. Бирок Украина ички саясатына Орусияны аралаштырбай, кирүү процессин улантканда, Владимир Путин Украина “Донбасстын жашоочуларына геноцид жасап жатат” деген жүйөө менен 24-февралда басып кирген. Тексттеги Украина үчүн “пайдалуу болгон” деген сөзү Кыргызстан үчүн да коркутуу катары айтылганын түшүнүүгө болот. 

Андан ары материалда Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы саясатта, өзгөчө Тажикстан менен болгон чек-ара сүйлөшүүлөрүндө “ийгиликсиз” болгону белгиленген. Ошол эле учурда керектүү далилдер келтирилбей, автор өзүнүн жеке оюн таңуулаганы көрүнгөн. 

Ачык айкын айтылган коркутуулар 

Материалдын акыркы бөлүгүндө азыркы учурда ЖМКларда “антироссиялык” сегменттеги жаңылыктардын көбөйүшү да Камчыбек Ташиевге байланыштуу экени баса белгиленет. 

Орусиялык “Комсомольская Правда” гезитинин манипуляциясы (Фактчекинг)

Материалдын эң акыркы обзацтарында эгер Камчыбек Ташиев ушундай багытта уланта берсе, Кыргызстандын Орусия менен болгон мамилеси жана социалдык-экономикалык абалы толук начарлашы мүмкүн экени баса белгиленет. 

Эң соңунда кабар дагы бир эскертүү менен аяктаган. 

 “Россия менен мамиле үзүү постсоветтик мейкиндиктеги бир дагы мамлекетке пайда алып келе элек.” , — деп белгиленген. 

Башкача айтканда, “Комсомольская правда” гезитинде жарыяланган материалда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин оброюна ачык шек келтирилген. Көпчүлүк маалыматтар автордун жеке оюна таянып жазылып, далилдер келтирилген эмес. Эл аралык мыйзамдын деңгээлинде бул Кыргызстандын ички саясатына аралашуу катары бааланат. 

Мурдагы сабактар жана мисалдар 

Орусиялык Meduza басылмасынын журналисти Андрей Солдатовдун билдирүүсүнө ылайык,  СССР ыдырап, постсоветтик өлкөлөр эгемендүүлүктү алгандан кийин да ошол өлкөлөрдөгү бийликке Кремлдин саясатын жактай турган талапкерлерди коюу аракети болуп келген. Бул иш аракетти көзөмөлдөө  ФСБнын тышкы чалгындоо бөлүмүнө (5-кызматына) жүктөлгөн. 

Бул нерсени Украинанын мисалында карап көрө турган болсок, Россиянын таасири көзгө даана урунат. Украинада 2010-жылы президент болуп шайланган Виктор Янукович “Кремлчил” президент катары таанылган. Бирок, көп өтпөй өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Анткени, 2013-жылдын 21-ноябрында Николай Азаров баштаган Өкмөт Украина Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койбой турганын жарыялагандан кийин, Киевде алгачкы нааразылык акциялары башталган. 

Бул “Евромайдан” деген аталыш менен тарыхта калып, ошол учурдагы Украинанын президенти Виктор Януковичтин өлкөдөн чыгып кетиши менен аяктаган. 104 адамдын өмүрүн алган бул окуяда Россиянын ФСБ кызматкерлери күнөөлүү экени белгиленип, “Миротворець” сайты Майдандагы адамдарды өлтүрүүгө катышкан деп 100гө жакын адамдын тизмесин жарыялаган. 

Кыргызстандын мисалында да Россиянын таасири өлкө саясатында орду дайыма чоң болуп келгени маалым. Мурдагы президент Аскар Акаевден баштап, бийлик алмашкан сайын Орусия эл шайлаган президенттерге байланыштуу өз ойлорун жана талаптарын ачык айтып келет. Саясат талдоочу Адиль Турдукулов Украинадагы сыяктуу “Кремлчил” бийлик Кыргызстандын башкаруусунун дээрлик бардык убагында болуп келгенин билдирген. 

Өзгөчө, 2016-жылы чыккан “Элдик Парламент” уюму ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбавевдин отставкасын талап кылышкан. Уюмдун мүчөсү Бекболот Талгарбеков “Кактус” маалымат агенттигине берген маеги учурунда “Россиялык Генералдар” колдой турганын ачык айткан. 

Ошол эле жылы оппозициячыл “Элдик Парламент” кыймылынын мүчөлөрүнө тиешелүү деп айтылган аудиолор интернетке тарап кеткен. Анда кыймылдын мүчөлөрү экс-вице премьер-министр Бекболот Талгарбеков, президенттикке талапкер Толубай Колубаев, мурдагы судья Марат Султанов, ошондой эле Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовдун сүйлөшүүлөрү экени айтылган. Аудиолордо 2010-жылдардагы болуп өткөн ыңкылап Орусиянын “буйругу” менен жасалган деген маалыматтар айтылган. 

Мындан сырткары, Орусия активдүү түрдө Кыргызстандагы шайлоо процесстерине да аралашып турганы жөнүндө маалыматтар чыккан. Мисалы, 2010-жылдагы шайлоодо Орусиялык бир катар ЖМКларда Феликс Куловду жактаган материалдар чыкса, Өмүрбек Текебаевдин интимдик жана компраматтык видеолорун НТВ телеканалы жарыялап салган. Өмүрбек Текебаев бул тууралуу Орусия Кыргызстандын ички иштерине түздөн-түз аралашып жатканын билдирген. 

2010-жылы Орусиялык ЖМКларда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тууралуу негативдүү кабарлар массалык түрдө чыга баштаган. Eurasia.net басылмасынын маалыматына ылайык, аталган кабарлар 2010-жылы май айынын акырында күч алган. 

Журналист Дэвид Триллинг белгилегендей, ошол учурдагы Орусиялык басма сөздөрүндөгү чабуулдардын жарылышы “Москванын мындан ары, Бакиевдин “майда оюнуна” чыдагысы келбегенинен кабар берет” деп айткан. Аталган кабарларда Курманбек Бакиев жана уулу Максим Бакиев тууралуу сөз болуп, “Бакиев мураскер катары 32 жаштагы уулу Максимди көрөт”, “Максим Бакиев жана Кыргызстандагы мафия”, “Кыргызбашы” деген өңдүү негативдүү жана сындаган материалдар болгон. 

Серепчилердин айтымында, Орусиянын Бакиевдердин бийлигине болгон нааразычылыгы 2009-жылы Курманбек Бакиев “Манастагы” америкалык аскер базасын жабуу чечимин кабыл алып, бирок базаны толугу менен жаппай , “Манас” Транзиттик жүк ташуу борборуна айлантканы себеп болгон. Андан бир жыл өтпөй 7-апрель окуясына бир ай калганда Орусиялык ЖМКлар кыргыз бийлигин массалык түрдө каралоого өтүшкөн. 

Башкача айтканда, Орусия Кыргызстандагы саясий кырдаалдарды жана абалды алгач ЖМКлар аркылуу бурууга аракет кылып келгени маалым.

Жыйынтык: Россиянын “Комсомольская правда” гезити Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин аброюна шек келтирип, маалыматтарды бурмалаган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты