ЕАЭБ президенттеринин Бишкектеги жыйыны онлайн форматта өтөт

  • 2 года мурун

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майда Бишкекте пландалган жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Ал Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу эмне себептен онлайн форматта өтөт деп чечилгенине түшүндүрмө берген жок.

19-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Беларустун БелТА мамлекеттик агенттигине саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр декабрь айында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты