Вьетнамда “Матмо” тайфуну жүрдү

Вьетнамда “Матмо” тайфуну жүрүп, кеминде, 10 адамдын өмүрүн алды, дагы беш адам дайынсыз болууда, кеминде 7 адам жабыркаган. Куткаруу кызматтары суу баскан райондордун калкын эвакуациялоону улантып, гуманитардык жардам жеткирип жаткандыгын Vietnam News Agency билдирди.

Метеорологдор жакынкы күндөрү Тхайнгуен, Бакнин, Лангшон провинцияларында суу ташкын күтүлүп жаткандыгын эскертти.

Суу ташкындын кесепетин жоюуга мамлекеттик жүздөгөн кызматкерлер, жаштар уюмдары жана ыктыярчылар кол кабыш кылууда.

Каобанг провинциясынын бийлигинин билдирүүсү боюнча, 7,5 миңден ашык үйдү суу басты, 5 миң гектардан ашык айыл чарба жерлерин суу каптады. 13 мектеп, 17 жол тилкеси, айыл жерлеринде 145 трасса жана 23 көпүрө талкаланды. Ирригация түйүндөрү, суу менен камсыздоо түйүндөрү жана эки медпункт жабыркады.   

Вьетнамдын айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министри  Нгуен Хоанг Хиеп “Матмо” тайфунунун кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк жыйында 2025-жылы өлкө боюнча жаратылыш кырсыгынан 238 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон адам дайынсыз болгонун жана 367 адам жабыркаганын билдирди.

Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тиндин айтуусу боюнча,”Матмо” тайфуну көп зыян алып келди. 2025-жылы жаратылыш кырсыктары ИДПнын болжол менен 2%ин түзгөн. Ал эми 2024-жылы бул сан 0,4% болгон.

“Матмо” тайфуну 5-октябрда Кытайда башталып, андан кийин Вьетнамга өткөн. Ал эми “Буалой” тайфуну өткөн жумада 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган.    

Сүрөт:  VNA/VNS

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты