Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга келет

  • 4 дня мурун

5-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Виктор Орбандын сапарынын алкагында кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат. Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланары айтылды.

Ошондой эле Венгриянын премьер-министри 6-ноябрдагы Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышары белгилүү болду.

Эске салсак, 6-ноябрда Бишкекте “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” темасындагы Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт. Ага Азербайжандын, Казакстанстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстанстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты