Борбордогу №23 мектепти бузуу чечими кабыл алынса, окуучулар башка мектепке которулат
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарындагы №23 мектептин айрым блокторуна сейсмологиялык институттун корутундусуна байланыштуу №23 мектептин маселеси КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Эгерде бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ал бузулуп, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат.
Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү