УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

15-январь күнү Шераалы Бекташ аттуу Фейсбук колдонуучусу УТРКнын жаңы логотиби Орусиянын “Биринчи каналынын” логосуна окшошуп кете турганын билдирген. 

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Ал УТРКнын мурдагы бозүйдүн стилиндеги логотиби өзгөчө “коомдук” болуп турганынын белгиси болгонун да кошумчалаган.

“ПолитКлиника” медиасы УТРКнын жаңы логотибин антиплагиатка текшерип көрдү. 

 ОРТнын логосуна окшош эмес 

14-январь күнү Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын социалдык тармактардагы логосу өзгөртүлгөн. 

Мурда бозүйдүн стилинде болгон логодо эми “1” саны алдыга чыгарылган.

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

УТРКнын өкүлү, журналист Чынара Капарова “Улуттук биринчи каналдын” логосунун өзгөртүлүшү тууралуу маалымат берип, жаңы логодогу ар бир түс мааниге ээ экенин билдирген. 

Логотип: Бир саны — Улуттук каналдын “Биринчи” экенин билдирет. Көк түсү — көгүлтүр экран белгиси. Бир санынын экиге бөлүнүп турушу — телекөрсөтүү жана радиоуктуруу. Үч бурчтук — көрсөтүү жана уктуруу толкундарын таркатуучу “тарелканын” элесин берет!”, — деп жазган Капарова. 

УТРКнын жаңы логосу жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Көпчүлүк интернет колдонуучулар лого Орусиянын “Биринчи каналынан” көчүрүлүп алынганын айтышкан. 

Орусиянын “Биринчи каналынын” (ОРТ) логосу менен салыштырып көргөндө УТРКнын логосунун дизайны кээ бир окшоштуктарга карабастан, бир канча жерден айырмалана турганын көрүүгө болот. 

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Алсак, УТРКнын логосу менен Орусиянын “Биринчи каналынын” түсү жана “1” санынын дизайны графикалык жактан бири-бирине окшоп кетет. Бирок эки логотиптин ортосундагы сызык таптакыр окшош эмес. 

Орусиянын ОРТ каналынын логосу 1995-жылдан бери бир канча жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. 

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Бирок арасында Кыргыз Республикасынын УТРК каналы жаңылаган логотипке абдан окшош болгонун табуу мүмкүн эмес. 

Өзгөртүлгөн түс, Афганистандан уурдалган логотип 

“Улуттук биринчи каналдын” логотибинин антиплагиатка текшерип көргөндө Орусиянын ОРТ каналына эмес, Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине абдан окшош экенин көрүүгө болот.

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)
УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Ал эми логотиптин ылдый жагындагы толкун сымал абстракттуу фонду да интернет айдыңынан оңой жана бекер көчүрүп алууга болот.

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Башкача айтканда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жаңы логосунун дээрлик бардык бөлүгүн интернеттен табууга болот.

Белгилей кетсек, Афганистандын 1TV телеканалы 2010-жылдын февраль айынан баштап Кабулдан түз эфирге чыга баштаган. 1TV каналы ачылгандан кийин Афганистанда эң көп көрүлгөн канал болуп калган. Азыркы учурда YouTube баракчасында 579 миң катаалуучусу бар. 

Ал эми 1TV каналынын логосу 2021-жылы алмаштырылган жана логонун png варианты Википедияга 2021-жылы 26-августта жүктөлгөн.

Логонун плагиаты жана журналисттик этиканын бузулушу 

Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 21-беренесинде журналист плагиат кылбашы керек экени жазылган. УТРКнын жаңы логотибинде Афганистандын 1TV каналынын логосунун элементтери болгондуктан, этикалык кодекстин 21-беренеси бузулган. 

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Плагиат жана автордук укуктардын бузулушу Кыргыз Республикасынын “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынат. Аталган мыйзамдын 19-беренесинде автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп анын эмгегин пайдаланууга болбой турганы жазылган. Анткени бул көптөгөн талаш-тартыштарга жана келишпестиктерге жол ача турганы белгиленген. 

Эгер бул талап бузулуп, автордук укук сыйланбаса “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесине ылайык,  граждандык, кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке тартылат. 

 УТРКга 2022-жылы 484 миллион сом бөлүнгөн

13-декабрь күнү “ПолитКлиника” медиасы “Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот” деген дата материал жарыялаган.

Дата материалда жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына республикалык бюджеттен 700 миллион сомдон ашык каражат бөлүнө турганы, алардын арасынан эң көп каражат УТРКга бөлүнө турганы аныкталган.

УТРКнын плагиаты. Телеканалдын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөн (Фактчекинг)

Мисалы 2022-жылы УТКРга мамлекеттик бюджеттен 484 миллион 954 миң сом бөлүнгөн. Ал эми 2007-жылдан бери Улуттук телерадиоберүү корпарациясына дээрлик 6,5 миллиард сомдон ашык акча коротулган. 

Белгилей кетсек, УТРКнын курамында алты телеканал жана үч радио бар. Алардын баары багыттарга бөлүнөт. Мисалы, “Ала-Тоо 24” каналы жаңылыктарды, “КТРК Спорт” спорттук берүүлөрдү гана көрсөтөт.

2020-жылы Садыр Жапаров жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин УТРКда реформалар болорун убада кылган.

“Силер [КТРК] бюджеттен миллиарддарды аласыңар, миң адам иштейт. Ошол эле учурда “NEXT.TV”, НТС, “Регион”, “Жетинчи канал” сыяктуу каналдар пайда болду. Булар да КТРКдай эле программаларды, берүүлөрдү жасашат, алардын эффективдүүлүгү сеникиндей. Ал эми эл КТРКны мындан 15 жыл мурункудай көрбөйкалды”, — деген Садыр Жапаров.

Бирок президенттин реформаларды жана кыскартууларды жасоо керек дегенине карабай, акыркы эки жылда УТРКны каржылоо, тескерисинче, көбөйгөн. 

Ал эми УТРКнын кээ бир маалыматтарды манипуляция кылганын “ПолитКлиника” медиасы буга чейин да бир канча жолу аныктап чыккан. 

Жыйынтык: Кыргызстандын “Улуттук биринчи каналы” жаңы логосун Афганистандын 1TV каналынан плагиат кылып алганы чындык. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы журналисттик этиканы жана автордук укукту бузган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты