«Ала-Тоо 24» оппозициячыл саясатчыларды бир тараптуу каралап, журналисттик этиканы бузган

9-июлда “Ала-Тоо 24” телеканалында “Туруктуулук — жеке кызыкчылыктан жогору болсун” деген баш тема менен 3,5 мүнөттүк сюжет көрсөтүлгөн. Анда оппозициячыл саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Сыймык Жапыкеев баштаган адамдардын тобу өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөп жатканы айтылган. 

"Ала-Тоо 24" оппозициячыл саясатчыларды бир тараптуу каралап, журналисттик этиканы бузган

“ПолитКлиника” медиасы бул сюжетти анализдеп көрдү.

Сюжет кастык тилин колдонуу менен башталган

Сюжеттин башында кабарчы мындай деп айтат:

Эл үчүн тынчтык жана биримдик керек. Ыгы келгенде дароо чогула калган ниети бузуктардан эл тажады. Тилекке каршы, баягы эле жүздөр жагдайдан пайда табуу үчүн жаны калбай башаламандык уюштурууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу белгилеген серепчилер алардын катарында Равшан Жээнбеков, Сыймык Жапыкеев, Бектур Асанов башында турган топ бар экенин айтышууда”.

Бул жерде эки жолу кастык тили, башкача айтканда, адамдардын белгилүү бир тобун дискриминациялоочу сөздөр колдонулган. 

Бир тараптуу каралоолор жана журналисттик этиканын бузулуусу

Мындан тышкары, кабарчы маалымат булагы катары серепчилерди көрсөткөн. Бирок алардын аты-жөнүн айткан эмес. Бул манипуляциянын “анонимдүү авторитет” ыкмасы болуп саналат. Анда эксперттердин, окумуштуулардын билдирүүлөрү айтылат, бирок алардын аты-жөнү белгиленбейт.

Муну менен бирге жогоруда аты аталып жаткан адамдардын башаламандык уюштуруу аракети тууралуу эч кандай далил же факты берилген эмес. Бул Журналисттердин этикалык кодексинин 8-беренесине каршы келет.

8-берене: Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.

Андан ары эксперт катары Ахунбай Кошоев аттуу юристтин пикири берилген. Анын пикиринде дагы адамдын кадыр-баркына шек келтирүүчү, каралоочу сөздөр камтылган.

Андан соң кабарчы аты аталбаган эксперттерге шилтеме берип, төңкөрүш уюштургусу келгендер жаштарды азгырып, ар кандай башаламандыктарды уюштуруп, өздөрү карап тура берерин айтат. Бул жерде дагы манипуляциянын “анонимдүү авторитет” ыкмасы колдонулуп жатат.

Кабарчы сөзүн минтип улантат:

“Булардын максаты — бийликке келип, өздөрүнүн көмөчүнө күл тартуу, баюу. “Чын ниеттери болсо, буга чейин эмнеге алгылыктуу иш жасай алышкан жок?” деген суроо жаралууда”. 

Бул жерде Журналисттердин этикалык кодексинин 10-беренеси бузулган. Ага ылайык, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл эле.

Сюжеттин жүрүшүндө үч адамга сөз берилип, алардын экөө материалда сөз болуп жаткан адамдардын тобуна карата терс пикирлерин билдирген. Үчүнчү адам өлкөдөгү туруктуулук эмне үчүн маанилүү экени тууралуу оюн айткан. Бирок сюжетте аты аталган адамдардын биринин дагы комментарийи берилген эмес. Бул жерде Этикалык кодекстин 17-беренеси бузулган.

17-берене: Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлери тең салмакта берилиши шарт.

“Ала-Тоо 24” телеканалы мамлекеттик бюджеттен каржыланчу Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) курамына кирет. Корпорациянын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сомду түзгөн.

Жыйынтык: “Ала-Тоо 24” каналы “Туруктуулук — жеке кызыкчылыктан жогору болсун” аттуу сюжетинде кастык тилин, манипуляциянын ыкмаларын колдонгон жана далилсиз, бир жактуу каралоо менен журналисттик этиканы бузган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты