Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот

Мындан эки жыл мурун ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров КТРКны реформалоо керектигин билдирген. Анын айтымында, бюджеттен миллиарддарды алган КТРКда миң адам иштейт. Ал эми алардын эффективдүүлүгүн 40-50 кызматкер иштеген жеке каналдар менен салыштырууга болот.

“ПолитКлиниканын” дата-журналисттери президенттин билдирүүсүнөн кийин КТРКны каржылоо азайганбы жана мамлекеттик маалымат каражаттарына канча каражат сарпталып жатканын изилдеп көрүүнү чечти.

Жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына республикалык бюджеттен 700 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул каражат жыйырма сегиз каналды, гезитти жана радиону каржылоого жумшалат. Анын ичине бүтүндөй Кыргызстанга уктуруучу ЖМКлар жана облустук каналдар, гезиттер кирет. Ошондой эле «МИР» эл аралык каналын ретрансляциялоого да бюджеттен акча жумшалат.

Мамлекет маалыматка канча акча коротот?

Каржы министрлиги жана Маданият министрлигинин берген маалыматына караганда, 2007-жылдан бери ЖМКларга республикалык бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Салыштыра кетсек, өлкөнүн ички карызы 14,3 миллиард сомду түзөт. Ал эми быйыл мамлекеттик маалымат каражаттарын каржылоого бюджеттен рекорддук суммада акча бөлүнгөн.

Айрым мамлекеттик каналдар рентабелдүү эмес

«Пирамида» жана «Бешинчи канал» салык төлөөчүлөр тарабынан каржыланат. Эки канал тең мамлекет тарабынан башкарылат жана беш жылда ар бири 83 миллион сомдон алышкан.

Бул каналдар 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекеттин балансына өткөн. Ал эми 2016-жылы “Пирамида” Жогорку Кеңештин жана башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн чагылдыра баштаган.

Эки канал тең мамлекет тарабынан каржыланганына карабай, өткөн жылдын февраль айында алардын кызматкерлери айлап маяна ала албай жүргөнү белгилүү болгон. Мындан улам бюджеттен кошумча 40 миллион сом бөлүүгө туура келген. Кошумчалай кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары «Бешинчи каналдын» 82,5 миллион сом карызы бар экенин билдирген.

Ошол эле учурда айрым депутаттар каналдарды жыштыгы менен бирге жеке колго сатууну сунушташкан:

«Комиссия түзүп, телеканалдардын маселесине чекит коюшубуз керек. Парламенттин ою боюнча, алар жыштыктары менен кошо сатылышы керек. Жок дегенде телеканалдарды бюджеттен каражат талап кылбагандай абалга алып келиш керек”, – деген депутат Марлен Маматалиев.

Каражаттын жарымынан көбү УТРКга берилген

2007-жылдан тартып мамлекеттик маалымат каражаттарына бюджеттен 10,1 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 6,6 миллиард сому УТРКга туура келет. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарына бюджеттен бөлүнгөн акчанын 64%дан ашыгын түзөт.

Каржылоо боюнча экинчи орунда ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясы турат. 2007-жылдан бери бул каналга дээрлик бир жарым миллиард сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, аймактык медиаборборлорго миллиондогон каражаттар бөлүнүүдө. Мисалы, быйыл аларга бюджеттен 200 миллион сом бөлүнгөн. Оптимизациялоо жана санариптештирүү максатында 2020-жылы аймактык гезиттер жана телеканалдар аймактык медиаборборлорго бириктирилген. Бирок быйыл кайра президенттин жарлыгына ылайык, аймактык медиаборборлор УТРКнын курамына киргизилди. Жарлыкта алар бардык мүлкү жана каржысы менен Биринчи каналдын балансына өткөрүлүп берилгени айтылат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, оптималдаштыруу аймактык ЖМКларды мультимедиалык форматка өткөрүүгө жардам берет. Бул ошондой эле аларга бир аз акча табууга жол ачат:

“Биздин мультимедиалык борборлордо гезит, сайт жана телекөрсөтүү болот. Ошондой эле Чүй облусунан башка бардык аймактарда басма сөз борборлорун түзүү пландалууда. Алар аркылуу медиаборборлор өздөрү белгилүү бир каржы булактарын таба алышат”, – деп түшүндүргөн Маданият министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева.

КТРКдагы өзгөрүүлөр: реформабы же корпорацияны баш ийдирүүбү?

УТРКнын курамында алты телеканал жана үч радио бар. Алардын баары багыттарга бөлүнөт. Мисалы, “Ала-Тоо 24” каналы жаңылыктарды, “КТРК Спорт” спорттук берүүлөрдү гана көрсөтөт.

2020-жылы Садыр Жапаров жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин КТРКда реформалар болорун убада кылган.

“Силер [КТРК] бюджеттен миллиарддарды аласыңар, миң адам иштейт. Ошол эле учурда “NEXT.TV”, НТС, “Регион”, “Жетинчи канал” сыяктуу каналдар пайда болду. Булар да КТРКдай эле программаларды, берүүлөрдү жасашат, алардын эффективдүүлүгү сеникиндей. Ал эми эл КТРКны мындан 15 жыл мурункудай көрбөй калды”, – деген Садыр Жапаров.

Бирок президенттин реформаларды жана кыскартууларды жасоо керек дегенине карабай, акыркы эки жылда УТРКны каржылоо, тескерисинче, көбөйдү. 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы УТРКга 98 миллион сомго көп акча бөлүнгөн.

Президенттин кайрылуусунан кийин Жогорку Кеңеш “Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын статусу жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамга ылайык, “коомдук” канал “улуттук” болуп калды. Жетекчисин дайындай алган корпорациянын байкоочу кеңеши таркатылып, анын функциялары президентке өткөрүлүп берилди.

Мындай өзгөртүүлөр өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, өлкөбүз кабыл алган милдеттенмелерди жокко чыгарат. Бул тууралуу медиамыйзамдар боюнча эксперт Надежда Алишева билдирди:

«Биринчиден, бул Коомдук телерадиоберүү корпорациясы көрсөткөн өлкөдөгү жападан жалгыз «коомдук телерадиокомпаниянын» статусун жок кылат, андан кийин бардык демократиялык принциптер таптакыр жоголот: башкы директорду конкурс аркылуу ачык шайлоо; телеканалдын ишине коомдук көзөмөл; президент, депутаттар жана жарандык коом менен паритеттүү негизде редакциялык саясатты жана бюджеттик маселелерди көзөмөлдөө боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ байкоочу кеңешти түзүү».

Тилекке каршы, Кыргызстанда мамлекеттик каналдардын эффективдүүлүгүн көрсөтө турган масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Телеканалдар менен радиостанциялардын чагылдырылышы тууралуу маалыматтар жок болгондуктан, аларды каржылоонун зарылчылыгы боюнча жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес. Башкача айтканда, коом өзүнүн салыктарынан миллиарддарды мамлекеттик каналдарга жумшайт, бирок алардын эффективдүүлүгүн эч ким билбейт.

“Коомдук кызыкчылык” эмес, “мамлекеттик кызыкчылык”

УТРКнын статусунун өзгөрүшүнө токтолгон Надежда Алишева телеканал мамлекеттин дагы бир куралына айланып баратканын айтат:

«Мамлекеттик каналдардын тизмеси жарандардын «коомдук кызыкчылыгын» эмес, «мамлекеттин кызыкчылыгын» коргой турган корпорация менен толукталды».

Эл аралык эксперттердин баамында, туруктуу демократияда ЖМК ар түрдүү маалыматтарды берүү менен ой-пикирлердин көптүгүн камсыздап гана тим болбостон, мамлекеттик институттардын «смотрящийи» катары да кызмат кылат. Бирок, мындай кырдаал ар кандай сынды муунтуп, мамлекеттик маалымат каражаттарын режимди колдогон маалыматтар менен каптаган авторитардык режимдер үчүн кооптуу болушу мүмкүн.

Кыргызстан быйыл биринчи жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына кирди, ал эми бул жыл журналисттерге каршы көптөгөн иштер жана массалык маалымат каражаттарынын жабылышы менен эсте калды – апрель айында биздин редакция сөз эркиндигинин абалы тууралуу жазган.

Эксперттердин айтымында, авторитардык режимдер ЖМКлар мамлекеттин ишмердүүлүгүн “тийиштүү” чагылдырып, абалды актоосу үчүн бардык күчүн жумшашат. Эгер журналисттер мамлекеттин же аткаминерлердин терс жактарын чагылдырса, аларга карата күч колдонулушу мүмкүн.


Автор: Чолпонбек Сабырбеков, Чынаргүл Жумабекова

Менторлор: Айзада Тома, Андрей Дорожный

Иллюстрация: Александра Титова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты