Унаасы бузулуп, тоодо үшүп калган эки жаран куткарылды
- 4 месяца мурун
Баштапкы маалымат боюнча, бүгүн, 22-январда, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коргонду-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде эки жаран машинасы бузулуп, тоодон түшө албай, “112” номерине жардам сурап кайрылышкан.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Тоң райондук №38 өрттөн куткаруу башкармалыгынын (ӨКБ) 4 куткаруучу тартылган.
Жерине жеткен куткаруучулар унаасы бузулуп, үшүп калган 2 жаранды 1 эркек адам жана 1 аял кишини Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып келишкен. Абалдары жакшы экени айтылды.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




