Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолу 100 миң сомдон төлөнөт

  • 1 год мурун

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө президент Садыр Жапаров тескемеге кол койду .

Бул чечимге 1941-1945-согуштагы жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган.

Ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен;

1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7 000 сом) жана Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен, 12 си Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 35и — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты