Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон төлөнүп берилди

  • 12 месяцев мурун

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, 100 миң сомдон төлөнүп берилди.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген билдирди.

Ошондой эле экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен, блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнүп берилди. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация — айына 7 миң сом жана президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы -, айына 10 миң сом төлөнүп келет.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен, 12 си Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 35и – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты