Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асад Гасанов кайтыш  болду

  • 2 года мурун

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу Гасанов Асад Гасан-Оглы кайтыш болду.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирип, көңүл айтуу жарыялады.

Асад Гасанов 1942-жылы Кызыл Армиянын катарында Түндүк-Кавказ фронтуна чакырылган. №10 зенитттик-минометтук дивизиянын курамында Брянск, Карачек, Минск, Варшава шаарларын бошотууга катышып, улуу Жеңишти Берлинден тосуп алган.  

“Ата Мекендик согуш” ордендери, согуштан кийин да бир катар медалдар менен сыйланган.  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген курулушчусу наамын алган.  

Пенсияга чыкканга чейин курулуш трестинде башкаруучу, шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы жана башка кызматтарда иштеген.

Акыркы кездерде Асад Гасанов  Кыргызстандын азербайжан коомдук бирикмесинде кызмат өтөп келген.

Асад Гасановдун өмүр жолу эр жүрөктүүлүктүн жана талыкпай эмгектенүүнүн үлгүсүн калтырып кетти.

Бишкек шаарынын мэриясы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты