Улуттук банк “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасын чыгарат

  • 2 месяца мурун

Улуттук банк 1-августтан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылды.

Бул монета 2024-жылдын 8-сентябрынан тартып 14-сентябрына чейин Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.  

“Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Монетанын алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш / At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.  Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген” деп айтылат маалыматта.   

Улуттук банк “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасын чыгарат
Улуттук банк “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасын чыгарат

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.  

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 580 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат. 

Сүрөттөр: nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты