Украинадан жалпысынан 559 кыргызстандык эвакуацияланды

Украинадан жаңжал башталгандан бери, 10-мартка карата, кыргызстандык 559 жаран эвакуацияланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Украиндагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мурда элчиликтин консулдук каттоосунда Кыргызстандын 680 жараны турган, бирок азыркы күндө жардам сурап кайрылгандардын саны өсүүдө.

Украинада кыргызстандык 93 жаран калган болсо, 8-марттагы эвакуациядан кийин 71 жаран калган. Бирок кийинки эки күндүн ичинде дагы 22 жаран жардам сурап кайрылган.   

Согуш жүрүп жаткан жактарда:

Николаевск облусунда – 10;

Киев облусунун Борзель районунда – 3 киши (1үй-бүлө);  

Житомир облусунун Панасивка айылында – 3;

Харьков шаарында – 6 (алар эвакуцияга барбай турганын билдирген);

Киев шаарында – 9 (булар да эвакуацияга макулдук бербегендер);

Ал жактарда электр энергиясы жана телефон байланышы үзгүлтүккө учурап жаткандыктан, айрымдары менен байланыш да туруктуу эмес болууда.  

Бул жарандар Украина тарабынан уюштурулуп жаткан гуманитардык коридор аркылуу эвакуацияланышы күтүлүүдө. Көрсөтүлгөн кийинки жарандардын арасында 25%ы Кыргызстандын резиденттери эмес (Кыргызстандын мурдагы жарандары). Алардын айрымдары Украина жарандыгын алган, бирок Кыргызстандын жарандыгынан  чыгышкан эмес. Алардын Кыргызстандын ички паспорттору бар, бирок мөөнөтү өтүп кеткен.

Аскер мобилизациясына байланыштуу 18 жаштан 60 жашка чейинки эркек кишилер өлкөдөн чыгып кетиш үчүн эски паспортторун (ID карт) пайдалана башташкан, анткени алар Кыргызстандын жарандыгынан расмий чыгышкан эмес.  

Элчи белгилегендей, калган 93 жарандын теңи ар кандай себептер менен (үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик, ишкердик, туугандарынын ден соолугу боюнча) эвакуация болуудан баш тартышкан.  

Одессада жашаган 6 жаран кызмат жана коммерциялык ишмердигине байланыштуу шаардан чыгуудан баш тарткан.

Польшага жеткенде айрым жарандар кайра Украинанын тынч жерлерине алып барып коюуну өтүнгөн. Айрым маалыматтар боюнча Украина-Польша чек арасына жеткенде, эл аралык издөөдө жүргөн жарандар да бар экени белгилүү болгон, бирөө Польша милициясы тарабынан кармалган, бирөө кайра Украинага жөнөтүлгөн.  

 Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. 

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилдердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.  

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты