УКМК: Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 4679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган «Симирам» эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди. Аталган эс алуу борборунун болжолдуу наркы 1 млрд. 84 млн. 657 миң сомду түзөрү айтылды.

УКМК «Симирам» эс алуу борбору кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле К.Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында алынгандыгын белгиледи.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты