УКМК: Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча мыйзамсыз ижарага берилип кеткен жер тилкелери кайтарылды

  • 12 месяцев мурун

Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча жеке жактарга мыйзамсыз ижарага берилип кеткен жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин УКМК “тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң доллар алгандыгы аныкталды” деп билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыян аталган жер тилкелерин мамлекеттин карамагына кайтаруу жолу менен толук калыбына келтирилген. Экспертизасынын корутундусуна ылайык алардын наркы 1 464 383 000 сомду түзгөн.

Ошондой эле УКМК кылмыш ишин иликтөө акыркы баскычта экенин билдирди.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган. Тергөө абагында анын саламаттыгы начарлап, ооруканада операция болгон.

Алимбаева 29-июлда үй камагына чыгарылган. Ал 24-сентябрга чейин үй камагында болот.   

Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айтып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты