УКМК Мадумаровдун тарапташтарын бийликти күч менен басып алууга даярдык шеги менен кармады  

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн деген шек менен  “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын бир топ мүчөлөрү кармалганын билдирди.

УКМКнын маалыматында мындай деп айтылат:   

-Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагынд 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын материалдарынан тышкары,  партия мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды.

Мындан тышкары, тинтүүнүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баадык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү тушунбойт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Баарыныздар кастет, дубинка, “сухой паёк” алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды корсон эле башка чап дароо ойлонбой»; «дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду, артка жол жок согушса согушабыз, акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан, -деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК Мадумаровдун тарапташтарын бийликти күч менен басып алууга даярдык шеги менен кармады  
УКМК Мадумаровдун тарапташтарын бийликти күч менен басып алууга даярдык шеги менен кармады  
УКМК Мадумаровдун тарапташтарын бийликти күч менен басып алууга даярдык шеги менен кармады  

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров анын тарапташтарын УКМКга суракка алып кеткенин жана бул Бишкек шаарынын Ленин районундагы шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн экенин ЖМКга билдирген.

31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн  депутаттык комиссия түзүү маселеси каралып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизген.

22-июнда Жогорку Кеңеште депутаттар Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун жабык карады.  Парламент Адахан Мадумаровду чек ара маселеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Чечимди 61 депутат колдоду, 17 депутат каршы болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты