Лебединовкада мурдагы айыл башчы мыйзамсыз алган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Лебединовка айыл аймагынын мурдагы башчысы кызмат абалынан кыянат менен пайдаланып, көптөгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталганын билдирди.  

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Ч.Б.А. 1992-2012-жылдар аралыгында Лебединовка айыл аймагынын башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Ысык-Көл районунун жана Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан көп сандаган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. УКМК жалпы аянты 23 гектардан ашуун жер тилкелерин мамлекеттик баланска кайтарып бергенин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты