УКМК айрым микрокредиттик уюмдардын ишин текшерүүдө

  • 1 день мурун

Карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алууда.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта текшерүүнүн себеби: Жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33% дан көп эмес),  жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн фактылары бар), милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү  органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү деп түшүндүрдү.

УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

УКМК кайсы микрокредиттик уюмдар текшерүүгө алынарын атаган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты